Көрүлдү: 821
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги сиздерди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда өтө турган «Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр» аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеге чакырат.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы жыл ичиндеги жетишкендиктер, жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр, актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору баяндалат.
Мугалимдер кеңешмени Улуттук телерадио корпорациясынын «Маданият» каналы жана УТРКнын расмий Facebook баракчасы аркылуу түз эфирден көрө алышат.
Күнү: 2025-жылдын 22-декабры
Убактысы: 16:00–18:00
Дареги: Кыргыз Республикасынын Тарых музейинин конференц-залы
📌 Аккредитациядан өтүү үчүн +996 700 321 100 телефону аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.