Көрүлдү: 932
Бүгүн, 18-декабрда, Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү башталды. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди.
Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. Ал балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Балдар “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Б. Кыдыкеев атындагы театрына барышып, оюн-зоок программа менен “Маугли” театралдык спектаклин көрүштү. Негизги программа 19-декабрда Т. Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен уланат.