Көрүлдү: 1203
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси сиздерди жаңы муундагы окуу китептерине арналган кайтарым байланышка чакырат.
🗓 Өткөрүлүүчү күндөрү жана предметтери:
● Шейшемби: Табигый илимдер окуу китеби боюнча
● Шаршемби: Математика окуу китеби боюнча
● Жума: Англис тили окуу китеби боюнча
⏰ Убактысы: саат 14:00дөн 16:00гө чейин
💻 Форматы: Онлайн (Zoom платформасы аркылуу)
Онлайн маалыматтык жолугушууга кошулуу үчүн шилтеме ар бир жолугушуу өткөрүлө турган күнү «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин расмий Instagram (@okuu.kitebi) баракчасындагы стористе жарыяланат.
Кайтарым байланыштын жүрүшүндө сиздер суроолоруңуздарды берип, ой-пикирлериңиздерди жана сунуштарыңызды билдире аласыздар.
Сиздерди активдүү катышууга чакырабыз!