Көрүлдү: 806
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XVII Евразия олимпиадасында жогорку жыйынтык көрсөтүп, 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль жана 3 сертификатка ээ болушту.
Олимпиада 2025-жылдын 15–16-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун окуучу катышты. Кыргызстандан сынакка 24 окуучу барган.
Алтын медаль ээлери:
• Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Абдирасулов Абдуллахан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Сыдыкбаев Эмирхан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
• Саят Арлан — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби;
• Акимов Ариет — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Күмүш медалдын ээлери:
• Зымчыбеков Ислам — 11-класс, “Манас Ата” Талас лицейи;
• Минбаев Байыш — 11-класс, Купуев академиясы;
• Алишеров Азамат — 11-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
• Арапов Али — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Карыпжанов Нурислам — 11-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
• Бектен Абдувалиев — 8-класс, Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan;
• Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
• Жаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
• Алмазов Али — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.
Коло медалдын ээлери:
• Мавлянов Актан — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
• Баймырзаев Аруубек — 9-класс, “Акылман” Президенттик лицейи;
• Исраилов Азирет — 9-класс, “Intellect school” жеке менчик мектеби;
• Филиппов Андрей — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
• Алымбеков Сабыр — 10-класс, “Маариф” билим берүү комплекси;
• Базаркулов Айтегин — 11-класс, Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.
Катышуу сертификатын алган окуучулар:
• Ажыбаев Байтур — 10-класс, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
• Досалиев Аман — 9-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
• Матанов Абдумалик — 9-класс, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи.
Окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер:
• Кылычбек Урайымов,
• Медербек Осмонов,
• Артем Беляев,
• Мирбек Бакиров,
• Мехмет Ташкын,
• Шатлык Гурдов, Бекзод Эгембердиев,
• Бексултан Алмазбеков,
• Анатолий Игнатьев,
• Евгений Кичак,
• Мамат Ишматов .
Кыргызстандын жаш информатиктерин жана алардын мугалимдерин жогорку жетишкендиктери менен куттуктайбыз!