Көрүлдү: 979
2025-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана ЮНИСЕФ сапаттуу жана инклюзивдүү билим берүүнү күчөтүү боюнча долбоорунун (SmartEd, 2025–2029) алкагында өнөктөштүк келишимине кол койду.
Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы (IsDB) жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (GPE) тарабынан каржыланат. Бул демилге “Алтын казык” улуттук билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Министрлик жана ЮНИСЕФ окуу программаларын модернизациялоо, мугалимдерди даярдоону күчөтүү жана майыптыгы бар жана өгөчө окуу муктаждыктары бар балдар үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешип иштешет.
"Бул өнөктөштүк - “Алтын казык” программасынын алкагында заманбап жана инклюзивдүү билим берүү системасын түзүү боюнча максаттарды ишке ашыруудагы тарыхый кадам. Бул долбоор 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнү, окуу материалдарын модернизациялоону жана педагогикалык ыкмаларды санариптештирүүнү камтыган Кыргызстандын узак мөөнөттүү реформа программасына шайкеш келет”, - деп белгиледи Д. Кендирбаева.
Министр 2029-жылга чейин ЮНИСЕФ менен өнөктөштүк жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлинде окуу натыйжаларын бекемдөөгө жардам берип, өлкө боюнча миңдеген балдарга пайда алып келерин белгиледи.
Бул өнөктөштүктүн алкагында ЮНИСЕФ улуттук өнөктөштөргө билим берүүнүн сапатын жакшыртууда жана инклюзивдүү билим берүүнү илгерилетүүдө колдоо көрсөтөт. ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен мугалимдер үчүн жаңы сапаттуу окуу материалдары иштелип чыгат жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү күчөтүлөт.
Долбоор ошондой эле он инклюзивдүү моделдик мектептерди түзүүгө жана инклюзивдүү билим берүүнүн улуттук жол картасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.
«Биз өкмөттүн билим берүүнүн сапатын жана инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу боюнча маанилүү кадам таштаганына кубанычтабыз. Анткени, ал бардык балдар, анын ичинде майыптыгы жана атайын билим берүү муктаждыктары бар балдар, өздөрүнүн толук потенциалын ачууга жол ачат. Кыргызстандагы ар бир бала бирдей жана сапаттуу билим алышы керек. Бул долбоор муну ишке ашырууга багытталган», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.