Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Көрүлдү: 101

11-декабрда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түркмөнстанда иш сапарын улантып, “Азыркы коомдогу аялдардын ролу: Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү” аттуу эл аралык конференцияга катышты.

post.title

Иш сапарынын алкагында министр Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын жана бейтарап статусунун негизги символдорунун бири болгон Ашхабаддагы Бейтараптык монументине барды. Ошондой эле ал Түркмөнстандын Илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана мектептеринин билим берүү жаатындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү менен таанышып, анда билим берүү тармагындагы заманбап ыкмалар көрсөтүлдү.

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын Түркмөнстандын билим берүү министри Жумамырат Гурбангелдиев менен өзүнчө жолугушуусу өттү.

Тараптар Түркмөнстандын 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү тажрыйбасын талкуулашты. Бул реформа 13 жылдан ашуун убакыт мурун Эстония жана Финляндиянын моделдерин эске алуу менен ишке киргизилген. Түркмөн тарап ошондой эле билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы системасын киргизүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Министр Кендирбаева бул тажрыйба Кыргызстан үчүн практикалык кызыгууну жаратаарын белгиледи.

Тараптар мектептик билим берүүнү модернизациялоо, педагогдорду даярдоо жана окуу программаларын өркүндөтүү жаатында кызматташууну жана тажрыйба алмашууну терендетүүнү макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар