Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТРЛИК ЖАҢЫЛАНГАН ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАЛАПТАРЫН ТААНЫШТЫРДЫ

Көрүлдү: 99

Бүгүн, 12-декабрда, жеке мектептердин жетекчилери үчүн семинар өтүп, анда билим берүү уюмдарын лицензиялоо багытындагы жаңыланган талаптар сунушталды.

post.title

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, «Түндүк» ААКнын Санариптик билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев жана Агартуу министрлигинин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова катышты.

Министрдин орун басары министрликтин жеке мектептер менен кызматташууга даяр экенин билдирип, алардын билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

Катышуучуларга нормативдик талаптардагы негизги өзгөртүүлөр, аккредитациянын тартиби жана лицензиялык шарттарды сактоо эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун даярдалышы жана баалоо критерийлери боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, «Лицензиялоо» автоматташтырылган системасы тааныштырылып, анын жардамы менен жеке менчик мектептер онлайн арыз берип, лицензияны 20–30 күндүн ичинде ала болоору айтылды.

Маалымат үчүн: автоматташтырылган система “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында иштелип чыккан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар