Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЭДИЛЬ БАЙСАЛОВ БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 323

Бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бишкек шаарындагы №68 мектепке барды.

post.title

Иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева да катышты.

Иш сапардын алкагында Эдиль Байсалов мектептин мугалимдер жамааты, анын ичинде башталгыч класстардын окутуучулары менен жолугуп, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү тууралуу пикир алышты.

Мугалимдер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдирип, учурдагы жаңылануу процесстерине байланышкан суроолорун талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жолугушуунун негизги максаты — мектептердеги өзгөрүүлөрдүн жүрүшү менен жеринен таанышуу жана педагогдордун пикирин угуу экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар