Көрүлдү: 186
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Аялдардын заманбап коомдогу ролу: туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү” аттуу эл аралык конференциянын алкагында Түркмөнстан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелери боюнча орун басары Байрамгуль Ораздурдиева менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар билим берүүнү өнүктүрүү, социалдык жана үй-бүлөлүк саясатты бекемдөө, аялдардын коомдогу ролу сыяктуу маанилүү багыттарды талкуулап, ошондой эле 12 жылдык мектеп билим берүүнү ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
Байрамгүл Ораздурдиева Түркмөнстанда аялдардын үй-бүлөдө, коомдо, саясий жана экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
“Быйыл 2014-жылы киргизилген 12 жылдык билим берүүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрү болду. Биз 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруу боюнча ар тараптуу тажрыйба алмашууга даярбыз. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында белгиленген максаттарга жетише алабыз”, - деп белгиледи Байрамгуль Ораздурдиева.
КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда өлкө Президентинин демилгеси менен социалдык капиталды калыптандыруу жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча маанилүү стратегиялык чечимдер кабыл алынып жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысы жогорулап, жүздөгөн жаңы билим берүү мекемелери курулуп, мектепке чейинки билим берүү багытындагы ири программалар активдүү ишке ашып жатканын кошумчалады.
“2025-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы киргизилди. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бул багытта Түркмөнстандан кийинки экинчи өлкө болдук. Мындан улам мамлекеттик билим берүү стандарттары толук жаңыланып, салттуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктар сакталды, — деди министр.
Министр Кыргызстан аялдарга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын кошумчалады. Анын айтымында, бул өтө актуалдуу, баалуу жана маанилүү, анткени билимсиз аял – жакыр үй-бүлөнүн негизи, ал эми билимдүү аял — өлкөнүн бекем келечеги жана экономикалык өнүгүүнүн булагы.