Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫНДА ПОРТУГАЛИЯДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Көрүлдү: 209

8-12-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы Португалиядагы таанышуу иш сапарына катышууда. Иш сапарда Борбор Азия өлкөлөрү — Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан — инклюзивдүү билим берүүнү киргизүү боюнча Португалиянын тажрыйбасын үйрөнүшүүдө.

post.title

Кыргызстан тараптан сапарга Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Нади́ра Джусупбекова, Социалдык коргоо министрлигинин, жарандык коомдук уюмдарынын жана майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышууда.

Сапар ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулуп, ал өлкөлөргө инклюзивдик билим берүү иш жүзүндө кандай иштээрин көрүүгө, тажрыйба алмашууга жана Борбордук Азия аймагындагы реформаларды күчөтө турган жалпы чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Эксперттер, практиктер мектептерге, ресурс борборлоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барып, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу ар кандай тармактар ар бир баланы колдоо үчүн кантип биргелешип иштешерин көрүшүүдө.

Португалияга болгон сапар кокусунан тандалган эмес. Бул өлкө майыптыгы бар балдарды өзүнчө окутуудан толук инклюзияга чейинки жолду басып өткөн. 2008-жылы эле бул жерде ар бир баланын кадимки мектепте окуу укугун камсыз кылган мыйзам кабыл алынган.

Адистештирилген мектептер ресурс борборлоруна айландырылып, мугалимдердин даярдыгы күчөтүлгөн, ал эми балдар менен иштөө процесси алардын жашоо циклинин бардык баскычтарын камтыган: өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эрте аныктоо, кесиптик билим берүүгө өтүү жана жумушка орношууга чейин. Мындай инклюзивдүү система бардык окуучулар үчүн оң таасирин тийгизип, PISA сыяктуу эл аралык билим сапатын баалоо изилдөөлөрүнүн көрсөткүчтөрү жакшырып, олуттуу жыйынтыктарды көрсөткөн.

Кыргызстан үчүн бул сапар инклюзивдүү билим берүүнүн активдүү өнүгүү этабында тургандыгы менен маанилүү.

“Биз мыйзамдарды реформалап, мугалимдерди даярдап, өзгөчө билим берүүгө муктаж балдар менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын киргизип, тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жатабыз. Португалиянын тажрыйбасы колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын кантип курууну, ресурстук борборлорду кантип өнүктүрүүнү, эрте кийлигишүүнү кантип уюштурууну жана балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө окуунун бардык этаптарында сапаттуу жардамды кантип камсыз кылууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет”, - деп билдирди Надира Джусупбекова.

Сапардын жыйынтыгында Кыргызстандын делегациясы биздин шарттарга ылайык колдонууга мүмкүн болгон практикалык кадамдарды аныктоону жана өлкөдө инклюзивдүү билим берүүнүн өнүгүшүн тездетүү үчүн өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүнү пландаштырууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар