Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН ТҮРКМӨНСТАНДА ӨТКӨН “АЗЫРКЫ КООМДОГУ АЯЛДАРДЫН РОЛУ: ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ” АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 190

2025-жылдын 9-10-декабрында Түркмөнстандагы “Аваза” Улуттук туристтик зонасында “Азыркы коомдогу аялдардын коомдогу ролу: Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү” аттуу эл аралык конференция өттү.

post.title

Иш-чара Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жана Гурбангулы Бердымухамедов атындагы кароосуз калган балдарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук фонду тарабынан Түркмөнстандагы БУУнун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Конференцияга 33төн ашуун өлкөдөн эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, коомдук институттардын жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева жана Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева баштаган расмий делегация да бар.

Эл аралык форумдун негизги максаты — тынчтык мамилелерди чыңдоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана аялдардын ролун саясий, социалдык, экономикалык жана гуманитардык тармактарда илгерилетүү. 

Конференциянын жүрүшүндө өзгөчө көңүл бурулду:

* БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын, айрыкча ТӨМ 5 — гендердик теңчилик менен аялдар жана кыздардын укуктарын кеңейтүүнү илгерилетүүгө;
* деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Аваза иш-чаралар программасын ишке ашырууга;
* аялдардын мамлекеттик башкарууда, экономикалык өсүүдө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында катышуусун жогорулатууга;
* социалдык коргоо, коопсуздук, энелик жана балалык үчүн шарт түзүүгө;
* аял лидерлерди колдоого жана алардын аймактык, эл аралык демилгелерге катышуусун кеңейтүүгө.

Конференциянын программасына пленардык жыйындар, тематикалык сессиялар, тегерек столдор, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрүнүн ортосунда пикир алмашуу кирди. Талкуулардын негизги темалары төмөнкүлөр болду:

* аялдар менен балдардын укуктарын коргоодо мамлекеттин жана коомдук институттардын ролу;
* аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
* аялдардын билим берүүдө, балдар тарбиялоодо, саламаттыкта сактоодо, экологияда социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүү;
* гендердик теңчиликке жетишүү жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоодо ийгиликтүү тажрыйбалар менен алмашуу.

Иш-чаранын алкагында бир катар маанилүү коштоочу иш-чаралар болду:

– камкорлукка муктаж балдарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук фондунун филиалынын ачылышы;
– эки тараптуу ведомстволор аралык жолугушуулар;
– кызматташуу боюнча документтерге кол коюу аземдери;
– улуттук ашканалар жана маданий жетишкендиктер көргөзмөлөрү.

Пленардык жыйындын башкы идеяларынын бири — аялдардын туруктуу өнүгүү, тынчтык жана жыргалчылыкка жетүүдөгү ролун күчөтүү үчүн көп тараптуу диалогду жана өнөктөштүктү кеңейтүү зарылдыгы болду.

Конференцияда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан үчүн аялдардын коомдук турмушка кеңири катышуусу — тең укуктуулук маселеси гана эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева төмөндөгүлөрдү белгиледи:

Биздин өлкөдөгү Президенттин социалдык саясаты толугу менен аялдарды жана үй-бүлөнү колдоого багытталган. Бул ар бир мугалимге санарип мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, айлыктарды жогорулатуу, ооруканаларды, мектептерди салуу ж.б.

Бул колдоолордун натыйжасы, албетте, биринчи кезекте балдардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Анткени коомдун келечеги – балдардын сапаттуу тарбиясы менен билимине байланыштуу.

Ошондуктан эрте курактагы балдардын өнүгүүсү жөнүндө сөз кылганда, биз сөзсүз түрдө аялдардын өнүгүүсүнө, алардын азыркы коомдогу ролуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө токтолобуз.

Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда аялдарды колдоо, эч ким эмгек рыногунун чегинен тышкары калбашы үчүн аларды кайра даярдоого жана жаңы санариптик реалдуулукка көнүктүрүүгө жардам берүү милдети турат.

McKinsey Global Institute'тун изилдөөлөрүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча аялдардын дээрлик 50%ы илимий жана технологиялык прогресстин аркасында жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат. Технологиялар эркектер менен аялдардын баштапкы позицияларын теңдейт: азыркы аял үйүнөн иштеп, кесиптик ишмердүүлүгүн үй-бүлөсүнө кам көрүү менен айкалыштыра алат.

Биз жаңы ой жүгүртүүнү калыптандырууубуз керек — кыздар жана аялдар келечектеги кесиптерге тайманбай кирип, архитектор, инженер болуп, эң коопсуз үйлөрдү, эң таза жана туруктуу суу менен камсыздоо системаларын түзгөн адистерге айланышы үчүн. Бизге тынч, туруктуу дүйнө керек, жана дал ошол дүйнөнү камсыз кылуу — коомдун жана экономикасынын өнүгүүсүнө аялдардын катышуусун кеңейтүү аркылуу биздин колубузда.

Биз кыздар менен аялдардын келечекте тайманбастан архитектор, инженер болуп, эң коопсуз үйлөрдү, эң таза жана туруктуу суу менен камсыздоо системаларын түзгөн адистерге айланышы үчүн жаңыча ой жүгүртүүнү калыптандырышыбыз керек. Бизге туруктуу тынчтык керек жана биз аялдардын коомго жана экономикага катышуусун кеңейтүү менен аны камсыз кылышыбыз керек”.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар