Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ РАДИО ЖАНА ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

Көрүлдү: 178

Сиздер көптөгөн жылдар бою адамдарды бириктирип, маалыматтык мейкиндикти сапаттуу контент менен байытып, өлкөнүн тарыхын сактап, жаңы горизонтторду ачып келесиздер.

post.title

Сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздердин аркасында коом так жана өз учурундагы маалыматты алып турат. Бул – Кыргызстанда билим берүү системасын жаңылоого багытталган «Алтын Казык» Программаcы ишке ашырылып, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү жүрүп жаткан убакта өзгөчө  маанилүү.

Сиздердин чеберчилигиңиздер реформаларды калкка жөнөкөй жана жеткиликтүү түшүндүрүүгө, ата-энелер менен мугалимдердин ишенимин бекемдөөгө, заманбап мектепти түзүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу жеткиликтүү айтып берүүгө чоң жардам берүүдө.

Сиздер – кадрдын, үндүн, сөздүн чеберлерисиздер жана өлкөнүн образын жаратып, келечек муундарды шыктандырган чыгармачыл инсандарсыздар.

Сиздерге чыгармачыл энергия, ишиңиздерде ийгилик, бекем ден соолук жана жаңы кызыктуу долбоорлорду каалайбыз!

Коомдун жана билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар