ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
Көрүлдү: 112
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча системалуу иш-чараларды жүргүзүп келет.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 394 мектеп жана 1 997 бала бакча иштеп, 1,5 миллиондон ашык бала билим алып жана тарбияланууда. Алардын ичинен 29 728 бала билим берүү системасында мүмкүнчүлүгү чектелген бала катары катталган.
Негизги жетишкендиктер:
- Инклюзивдик стандарттардын жаңыланышы: Мамлекеттик билим берүү стандартында инклюзивдик принцип расмий бекитилди.
- ПМПКнын ишинин регламенттелиши: Психолого-медико-педагогикалык комиссия жөнүндө жаңы Типтүү Жобо кабыл алынып, диагностика жана колдоо механизмдери так аныкталды.
- Ар кандай окутуу формаларын киргизүү: «Тунгуч» онлайн-мектеби, үй-бүлөлүк форма, стационардык (интернаттык) жана үйдө индивидуалдык окутуу мүмкүнчүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн альтернатива болуп саналат.
- Инклюзивдик практиканын кеңейиши: 650дөн ашык мектеп инклюзивдик тажрыйбаны ишке ашырып, 18 500дөн ашык баланы камтыйт.
- Инфраструктура жана кадрдык потенциалдын өсүшү эл аралык долбоорлор аркылуу: Twinning жана Smart-ED долбоорлору, ошондой эле Москвада 100 педагогду окутуу программасы мугалимдердин компетенциясын жогорулатууга жана инклюзивдик мектептерди өнүктүрүүгө салым кошту.
Кыргызстанда инклюзивдик билим берүү үчүн маанилүү укуктук жана программалык база түзүлдү. Реформалардын активдүү жүргүзүлүшү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга стационардык, үй-бүлөлүк жана онлайн формалар аркылуу тең укуктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда.
Бөлүшүңүз