Көрүлдү: 135
Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов менен Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан «Applying a fresh lens to unlock the power of human capital» аттуу билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча 11-Эл аралык форумга катышууда.
Форумдун алкагында адамдык капиталды өнүктүрүү, кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо, инновацияларды киргизүү жана билим берүү саясатын өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланат.
Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташкан 40тан ашуун өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышууда.