Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 249

2025-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Надира Джусупбекованын Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Дүйнөлүк банк тарабынан жолугушууга улук экономист, долбоордун командасынын тең жетекчиси Саурава Дева Бхатта жана билим берүү маселелери боюнча адис, долбоордун командасынын жетекчиси Гульмира Султанова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу негизги маселелерди талкуулашты, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү механизмдерин аныкташты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар