Көрүлдү: 250
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн коомдук институттардын бир өкүлү орунуна ачык конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- мамлекеттик тилди билүү;
- жогорку кесиптик билими бар.
Иш тажрыйбасы:
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;
- билим берүү уюмунун жетекчиси.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- арыз;
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде edu@mail.gov.kg электрондук дарегине 1 документ катары PDF форматта жөнөтөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 24-ноябрынан тартып 2025-жылдын 28-ноябры саат 18.00 чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-39-98; 0705155844
Чалуу жумуш күндөрү саат 9:00 – 18:00 чейин.