Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
№98 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ INAI 2025 ХАКАТОНУНДА ТОП-5КЕ КИРДИ

Көрүлдү: 370

Бишкек шаарындагы №98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицейинин “Web-разработчик” адистигинин окуучулары INAI 2025 Хакатонунда 140 команданын ичинен топ-5ке кирип, жогорку жыйынтыкты көрсөтүштү.

post.title

Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева окуучуларды ийгилиги менен куттуктап, ыраазычылык каттарды тапшырды.

Лира Самыкбаева окуучулардын ийгиликтери лицейдин мугалим-устаттарынын кесипкөй эмгеги, заманбап окутуу усулдары жана окуучулардын тынымсыз аракетинин натыйжасы экенин белгиледи.

Хакатонго аталган лицейден жалпы 3 команда катышкан. Анын ичинен 2-курстун командасы топ-5ке, ал эми 1-курстун командасы топ-15ке кирген.

Hackathon — бул кыска убакыт аралыгында техникалык маселелерге чыгармачыл жана инновациялык программалык чечим табууну талап кылган сынак.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар