Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
№98 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНДЕ КОМПЬЮТЕРДИК ТЕЙЛӨӨ КУРСУНУН УГУУЧУЛАРЫНА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 242

Бүгүн, 21-ноябрда, №98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицейинде “Жеке компьютерлерди оңдоо жана тейлөө адиси” курсун ийгиликтүү аяктаган 15 угуучуга сертификаттар тапшырылды.

post.title

Сертификаттарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева жана Чек ара кызматынын Байланыш жана автоматташтыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмаз Абдылдаев катышты.

“Азыр дүйнөдө техникалык тейлөө багытындагы адистерге болгон суроо-талап өсүп жатат. Андыктан кесиптик өнүгүү үчүн тынымсыз билим алууну токтотпогула”, — деди Лира Самыкбаева.

Курс Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байланыш жана автоматташтыруу башкармалыгынын өздүк курамы үчүн уюштурулуп, угуучулар заманбап компьютердик жабдыктарды оңдоо, техникалык тейлөө жана маалыматтык коопсуздук негиздери боюнча практикалык билимдерди алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар