Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТР ARISтин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ  ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 327

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Надира Джусупбекова Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлдөрү (ARIS) менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда мектепке чейинки билим берүү тармагынын учурдагы абалы, мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жеткиликтүү кылуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү жана бала бакчалардын курулушу талкууланды.

Министр ARIS долбоорунун багытында айылдарда курула турган 50 орундуу бала бакчалардын ордун туура тандап, калк тыгыз жашаган жана балдардын саны жогору аймактарга көңүл бурууну, балдар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары ата-энелер арасында мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгү боюнча кеңири маалыматтык иштерди жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Тараптар алдыда кызматташтыкты улантууну макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар