Көрүлдү: 235
2025-жылдын 17–21-ноябрында Стамбул шаарында Кыргызстан менен Түркиянын тарбиячылары жана адистери мектепке чейинки билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу программасына катышууда.
Программага Кыргызстандан Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова, “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын өкүлү Зуура Искандарова, КМУнун ага окутуучусу Эльмира Тентиева, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана бала бакчалардын жетекчилери катышып жатат.
Катышуучулар Түркиянын бала бакча системасындагы жаңычыл ыкмалар, эрте курактан балдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат, муниципалдык деңгээлдеги тажрыйбалар жана бала бакчалардын иши менен таанышууда.
Бул программа “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги (TDBB) тарабынан 2016-жылдан бери тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана эрте балалык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдөө максатында өткөрүлүп келет.