Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАЛДАР АДИЛЕТТИГИН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА МЫЙЗАМДАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 203

Бүгүн, 18-ноябрда, балдар адилеттигин камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына арналган тегерек стол өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан уюштурулган  тегерек столго Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Самман Тапа жана бир катар мамлекеттик органдардын, анын ичинде Агартуу министрлигинин өкүлү катышты.

Жыйында мекемелер аралык өз ара аракеттенүү, өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын социалдык укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Тегерек столдун жыйынтыгында баланы кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу процессинде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби боюнча бирдиктүү жобо иштелип чыгып, анын практикалык колдонуу жолдору кеңири талкууланды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар