Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИШКЕКТЕ ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 770

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты.

post.title

Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ж.б. катышты.

Мамлекет башчы бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу курууда деди.

“Биз да мындай дүйнөлүк өнүгүү агымынан артта калбашыбыз керек. Ошондуктан мамлекетибиздин башкы максаты – өлкөбүздүн бардык аймактарындагы балдарга сапаттуу билим берүүгө толук шарт түзүү. Бул максатта акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык дубандарында жаңы, заманбап талаптарга жооп берген мектептер салынууда. Буга баарыңыздар күбө болуп жүрөсүздөр. Бүгүн ачылып жаткан объектилер дагы ошол системалуу саясаттын бир мисалы”, - деди Садыр Жапаров.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча жалпысы 118 мектеп менен бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров социалдык объектилердин инфраструктурасы менен таанышып, окуу имаратын, бала бакчаны жана медициналык борборду көрүп чыкты.

Комплекстин жалпы аянты 10,5 гектарга жакын. Мында 570 окуучуга ылайыкташкан, 20 кабинети жана музыкалык блогу менен эки кабаттуу мектеп бар. Ошондой эле 140 орундуу бала бакча жана 40 миңге чейин жашоочуну тейлей турган үй-бүлөлүк медицина борбору жайгашкан. Жакынкы убакта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар