Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
РЕСПУБЛИКАЛЫК КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 334

Бүгүн, 14-ноябрда “Өнүгүүгө чыгармачылык менен” аттуу балдарга кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу республикалык кесиптик чеберчилик сынагынын мыктылары аныкталды.

post.title

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышып, педагогдордун балдардын жан дүйнөсүнө жол табуудагы чыныгы чыгармачылыгын белгиледи:

“Ар бириңиздер балдардын ички дүйнөсүнө жарык чачып, жөндөмдөрүн жана таланттарын ойготуп келесиздер. Сынакта көрсөткөн чеберчилигиңиздер – кесипке болгон сүйүүңүздөрдүн жана балдарга карата чексиз мээримиңиздердин далили”, – деди ал.

Министрдин биринчи орун басары жеңүүчүлөргө “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, ардак грамота жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.

  • I орун – Чинара Маанова, Лейлек райондук “Баластан” ББЧБнун “Компьютер жана код” ийриминин педагогу;
  • II орун – Айсулуу Керимбекова, Ак-Суу райондук БББнун “Космос и звезды” ийриминин педагогу;
  • III орун – Нурзат Бекбаева, Талас райондук БББнун “Жаш эколог” ийриминин педагогу.

Сынактын катышуучулары “Өзүн презентациялоо, Усулдук кейсти жактоо”, Көрсөтмө сабак жана Педагогикалык таймаш боюнча 4 этаптан өтүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар