Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАЛДАРГА КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫ ПЕДАГОГДОРУ АНЫКТАЛУУДА

Көрүлдү: 382

Бүгүн, 13-ноябрда, Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов “Өнүгүүгө чыгармачылык менен” аттуу балдарга кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу республикалык кесиптик чеберчилик сынагынын финалдык этабынын ачылышына катышты.

post.title

Альберт Махметкулов өз сөзүндө аталган сынак кошумча билим берүү тармагындагы чыгармачыл, таланттуу мугалимдердин, устаттардын жана адистердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Ар бириңердин эмгегиңер балдардын чыгармачылыгын ачып, өлкөбүздүн интеллектуалдык жана маданий келечегин калыптандырууга чоң салым кошот, — деди ал.

Финалдык этапта облустук деңгээлде жеңүүчү болгон тогуз катышуучу балдар менен үлгүлүү сабактарды көрсөтүп, “Педагогикалык таймаш” аттуу жеке сыноолордон өтүшөт. Ошондой эле өздөрүнүн кружоктору жана студиялары боюнча видео-презентацияларды сунушташат.

Сынактын негизги максаты — педагогдордун кесиптик жана чыгармачылык потенциалын колдоо, алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү жана шыктануу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү 14-ноябрда жарыяланып, Агартуу министрлигинин сыйлыктары, дипломдор жана белектер тапшырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар