Көрүлдү: 529
Бүгүн, 12-ноябрда, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун «Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү» кафедрасы салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, университеттин ректору Мирлан Дылдаев, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана студенттер катышышты.
Бул кафедра Кыргызстанда жана Борбор Азия аймагында алгачкы болуп, балдарга кошумча билим берүү чөйрөсүндө иш алып баруучу педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенет.
Өз сөзүндө Альберт Махметкулов Агартуу министрлиги кошумча билим берүү тутумунун өнүгүшүнө чоң маани берерин, анткени дал ушул тармакта балдардын чыгармачылык потенциалы ачылып, демилгелүүлүгү жана өз алдынчалуулугу өнүгө турганын баса белгиледи.
«Бул кафедранын ачылышы — жөн гана уюштуруучулук кадам эмес, ал — билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жаш муундарды тарбиялоого жан дили менен кызмат кылган мугалимдерди колдоого кошулган маанилүү салым.», — деди ал.
Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев бул демилгеге колдоо көрсөткөн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жаңы кафедранын ачылышы өлкөдө 12 жылдык билим берүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
«12 жылдык билим берүү системасынын киргизилиши окуучуларга өз кызыгуусуна жараша профилдик багыттарды тандоого мүмкүнчүлүк берет. Кошумча билим берүү балага өз жөндөмүн жана таланты кайсы тармакта экенин түшүнүүгө жардам берет, ал эми инклюзивдүү билим берүү бардык балдарга билим алууга бирдей шарттарды түзөт. Ошондуктан “Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү” кафедрасынын ачылышы улуттук билим берүү системасынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болуп саналат», — деди ректор.
Кафедранын башчысы болуп кошумча жана мектептен тышкаркы билим берүү тармагында чоң тажрыйбасы бар Дарья Мусина дайындалды. Ал "Алтын Түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясын жетектейт.
Кафедра өз ишинде балдардын кошумча билим берүү тутумунда иштеген, бирок педагогикалык билими жок, өз тармагында жогорку квалификацияга ээ адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Алардын катарына хореографтар, вокалисттер, сүрөтчүлөр, инженердик-техникалык чыгармачылык, экология жана туризм тармактарындагы адистер кирет.