Көрүлдү: 538
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси жана Россия Федерациясынын “Просвещение” акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан адаптацияланган россиялык окуу китептеринин ири партиясы өлкөгө жеткирилди.
Окуу китептеринин жалпы нускасы 651 миңди түзөт. Китептер Россия Федерациясынын аймагында басылып чыгып, Кыргызстанга толугу менен жеткирилди. Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт.
Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн төмөнкү предметтер боюнча даярдалган:
● «Русский язык и чтение»;
● «Русский язык»;
● «Русская литература»;
● «Русская и мировая литература».
Окуу китептери 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн ылайыкташтырылган жана белгиленген талаптарга ылайык тартылган эксперттер тарабынан тиешелүү экспертизадан өткөн.
11-ноябрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге окуу китептерин өткөрүп берүү жөнүндө сертификатты тапшырды.
Бул эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кезектеги өнөктөштүктүн аяктагандыгын символдуу түрдө тастыктады.
Учурда 3-, 4-, 6-, 8- жана 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ыңгайлаштыруу (адаптациялоо) боюнча иштер башталды.