Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ӨЗГӨНДӨ 275 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 191

Бүгүн, 11-ноябрда, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл айылында А. Өмүрзаков атындагы 275 орундуу жаңы мектеп ачылды.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан балдарды жана адам капиталын өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө багыт алганын белгиледи.

“Биз балдар үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануудабыз. Ар бир бала өз потенциалын толук ачууга татыктуу”, — деди ал.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жаңы ачылган мектепти айылдын “Алтын Казыгы” атап, анын дүйнөлүк коопсуздук стандарттарына ылайык курулганын белгиледи.

“Биз мектептерде бардык шарттарды түзүүгө, ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоого аракет көрүүдөбүз. Мамлекет бул жаатта өз милдетин толук аткарып жатат деп ойлойм. Жаңы билим уясы балдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачарына ишенем”, — деди министр.

Догдуркүл Кендирбаева жаңы мектепке 5 даана компьютер, ал эми Ленин атындагы №5 орто мектепке 10 даана компьютер тапшырды.

Белгилей кетсек, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталып, жалпы аянты 1,4 гектарды түзөт.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында курулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар