Көрүлдү: 635
Бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъектеринин кеңейтилген ведомстволор аралык жыйын өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.
Агартуу министрлигинин атынан кеңешмеге катышкан министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев профилактика министрликтин приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багытта системалуу иштер жүрүп жатканын маалымдады:
- «Ата-энелер үчүн мектеп» программасы иштелип чыгып, бекитилди;
- Санариптик платформа (ЖИ) аркылуу социалдык видеороликтер жасалып, таркатылды;
- Бардык жалпы билим берүү уюмдарында лекциялар, тренингдер, тегерек столдор жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө;
- «Э-күндөлүк» мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, анын ичинде «Коркпо! Билдир!» функциясы бар. Бул тиркеме мектеп окуучуларынан укук бузууларга күбө болгон учурларда анонимдүү билдирүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда тиркемени жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
- Ар бир чейректе балдарды тарбиялоо менен алектенген педагог кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жүргүзүлүп келет.
Жыйын учурунда катышуучулар үй-бүлө жана балдар маселелери боюнча учурдагы абалды, демографиялык саясаттын ишке ашырылышын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чараларын, ошондой эле “Үй-бүлө жана нике” коомдук институтун калыбына келтирүү жана үй-бүлөнүн идеологиясын коомдук аң-сезимде бекемдөө боюнча демилгелерди талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана коомчулуктун үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иштеринде биргеликте аракеттенишинин жана балдар менен үй-бүлөлөр үчүн коопсуз чөйрөнү калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.