Көрүлдү: 597
2025-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Тиленбаева атындагы балдар шахмат борборунун 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Жамаатты жана борбордун тарбиялануучуларын куттуктап жатып, М. Баймурзаев шахматтын балдардын өнүгүүсүндөгү маанилүү ордун белгиледи: «Шахмат - бул жөн гана оюн эмес, логикалык ой жүгүртүүнү, сабырдуулукту, жоопкерчиликти жана чыгармачыл мамилени калыптандырган баалуу билим булагы. Тиленбаева атындагы шахмат борбору ушул сапаттарды жаш муунга сиңирүүдө зор салым кошуп келет».
Агартуу министринин биринчи орун басары шахмат борборунун жетекчилигине жана машыктыруучуларына балдар спортун өнүктүрүүгө жана таланттуу балдарды колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун директору Бактыгүл Тиленбаевага Агартуу министрлигинин «Кызматташтык салымы салымы үчүн» медалын тапшырды.
Учурда борбордун эки филиалы иштеп, анда 350гө жакын бала шахмат менен машыгат. Ишмердүүлүгүнүн он жылы ичинде борбордун окуучулары жогорку жыйынтыктарга жетишип, Азия жана дүйнө чемпионаттарында 46 медаль утушкан. Ошондой эле бир нече тарбиялануучусу эл аралык шахмат наамдарынын нормативдерин аткарган.