Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК КОМАНДА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Көрүлдү: 464

FAIO - 2025 экинчи эл аралык жасалма интеллект боюнча Fizmat AI Олимпиадасы Казакстанда өттү. Финалдык турга жети өлкөдөн — Казакстан, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кипрден — 47 команда, 113 өкүл катышты.

post.title

Мелдеш эки турдан турду: биринчи турда катышуучулар таблицалык (классикалык) машиналык окутуу, жасалма интеллект агенттерин түзүү жана аудио иштетүү боюнча үч маселени чечишти, ал эми экинчи турда компьютердик көрүм жана сунуштоочу системалар боюнча эки маселени карашты.

FAIO тапшырмаларын Google, Huawei, Beeline жана Freedom компанияларынын инженерлери иштеп чыгышкан.

Бул олимпиадада Кыргызстандын намысын эки команда коргоду:
1. OK "Маариф": Матвей Низовский, Сабыр Алымбеков, Бекжан Рыспеков.
Жетекчилер: Элчибек кызы Кундуз, Артем Беляев.
2. №61 орто мектеп: Канат Курманбеков, Иса Боржоев, Эрлан Боронбаев.
Жетекчилер: Гүлнара Гадеева, Артем Беляев.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча "Маариф" ОК командасы коло медалга ээ болду.
FAIO олимпиадасы Республикалык физика-математика мектеби (ЖФМА) тарабынан уюштурулган. Август айында Матвей Низовский IOAI Эл аралык жасалма интеллект олимпиадасында Кыргызстанга биринчи медалды алып келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар