Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН ЖАНА САНАРИПТИК КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ (DCO) БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ  ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 722

2025-жылдын 4-6-ноябрь күндөрү Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүктүрүү саммитине катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева Санариптик кызматташтык уюмунун (DCO) көп тараптуу маселелер боюнча атайын өкүлү Хассан Нассер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы билим берүү системасын санариптештирүү, электрондук окутуу платформаларын өнүктүрүү жана окуучулар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн чыңдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Агартуу министри санариптик трансформация «Алтын Казык» улуттук программасынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, анын алкагында электрондук платформалар, санариптик билим берүү ресурстары киргизилип, мугалимдер менен окуучулардын санариптик компетенциялары калыптанып жатканын айтты.

Маалымат үчүн:
Санариптик кызматташтык уюму (Digital Cooperation Organization, DCO) — глобалдык көп тараптуу уюм. Уюмдун миссиясы — ар бир адам үчүн санариптик өнүгүүгө жеткиликтүүлүктү камсыздоо. DCO туруктуу жана инклюзивдүү санариптик экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүү багытындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана санариптик доордун тез өзгөрүп жаткан чакырыктарына жооп берүүгө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар