Көрүлдү: 489
2025-жылдын 31-октябрында ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн Билим берүү министрлеринин жолугушуусуна карата иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азербайжан Республикасынын билим берүү министринин орун басары Гасан Гасанлы менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер жана экологиялык маданиятты калыптандырууда билим берүүнүн ролу тууралуу пикир алышышты.
Догдуркүл Кендирбаева азербайжан тарапты Кыргыз Республикасында жүрүп жаткан билим берүү тармагындагы реформалар менен тааныштырып, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, жаңы муундагы окуу китептерин чыгаруу жана мугалимдерди «Алтын Казык» программасынын алкагында ноутбуктар менен камсыздоо иштери тууралуу маалымат берди.
Азербайжан тарап мындан аркы тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандык STEM командасын биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн кабыл алууга даяр экенин белгиледи.