Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
РПККЖнын 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТТҮ

Көрүлдү: 461

2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу – таалим-тарбияда” аттуу илимий-практикалык симпозиум болуп өттү. Иш-чара институттун 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналды.

post.title

Симпозиумга Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү — мугалимдер, окумуштуулар жана илимпоздор катышышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев да катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов онлайн катышып, институттун эмгек жааматын куттуктады. Ал өз сөзүндө билим берүү системасында жүрүп жаткан реформаларда мугалимдердин ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, “сиздердин эмгегиңиздер окуучуларды гана эмес, бүтүндөй элдин келечегин аныктайт” — деди.

Өз кезегинде Мухтарбек Баймурзаев: “Институттун 80 жылдык тарыхы — бул миңдеген мугалимдердин тагдыры, жүздөгөн илимий-методикалык жаңылыктардын очогу, элдин жүрөгүнө жол тапкан педагогикалык идеялардын кудуреттүү булагы. Мугалимдерди окуткан мугалим болуу — бул өзгөчө миссия, чыныгы эл кызматкери болуунун эң жогорку деңгээли”, — деп белгиледи.

Катышуучулар билим берүү менен тарбияны азыркы замандын талабына ылайык жаңылоонун жолдорун талкуулашты. Симпозиумдун максаты — улуттук баалуулуктарды сактап, билим берүүдө жаңы ыкмаларды жайылтуу болду.

Маалымат үчүн: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту 1945-жылы түзүлгөн. Ал убакта институттун негизги милдети мектеп мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүү жана билим деңгээлин жогорулатуу болгон. 80 жыл ичинде институт миңдеген педагогдорду окутуп, өлкөнүн билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Бүгүнкү күндө ал заманбап технологияларды колдонуп, онлайн жана оффлайн форматта курстарды, вебинарларды жана аралыктан окутуу программаларын жүргүзүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар