Көрүлдү: 487
2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Түштүк Кореянын Кёнгдон университетинин делегациясы менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Тараптар билим берүү кызматкерлерин окутуу, тажрыйба алмашуу, заманбап окутуу методикаларын киргизүү жана келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышышты.
Кёнгдон университетинин өкүлдөрү Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү системасына кызыгуусун билдирип, окутуучулар үчүн атайын кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу сунушун беришти.