Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫГЫ ТУУРАЛУУ

Көрүлдү: 421

КР Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтомуна ылайык, билим берүү уюмдарынын (балдар бакчалары, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлору) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылана тургандыгын билдирет.

post.title

Ал эми Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу министрлиги тарабынан каржыланып келет.

2025-жылга карата республикалык бюджеттен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү уюмдарына (айрым мектепке чейинки уюмдар, бардык түрдөгү мектеп-интернаттар, мектептен тышкаркы мекемелер, балдар үйлөрү) көмүр даярдоо үчүн 156,5 млн сом каралган. Анын ичинен Баткен облусуна — 121,4 млн сом каралган.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы билим берүү уюмдарына 103,3 млн сом, анын ичинен Баткен облусуна 92,4 млн сом каражат бөлүндү.

Мындан тышкары, 2025–2026-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү максатында Агартуу министрлиги  тарабынан Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2025-жылдын бюджети аркылуу кошумча 45,4 млн сом  бөлүнүп, бул каражат мектептердин от казандарын оңдоп-түзөөгө багытталды.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 95 487,19 тонна көмүр ташылып, көмүр кампаларга түшүрүлдү. Ал 71,04 пайызды түздү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 токтомун ишке ашыруу максатында билим берүү уюмдарын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар