Көрүлдү: 25
2025-жылдын 29–31-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мектеп жетекчилеринин III форуму өтөт.
Бул Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы 300дөн ашуун жетекчи, адис жана эксперттерди бириктирген ири кесиптик иш-чара болуп саналат.
Форумдун алкагында башкаруудагы заманбап чакырыктар, мектепти өнүктүрүү стратегиялары, жаңы технологияларды билим берүү процессине киргизүү жана педагогдордун командасы менен иштөө маселелери талкууланат. Ошондой эле «Мектептердин боордоштугу» долбооруна старт берилет.
Форумдун жүрүшүндө Россиянын ЖОЖдорунун “Россияда билим алуу – 2026” көргөзмөсү да өтөт. Анда катышуучулар Россия Өкмөтүнүн квоталары боюнча окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, алдыңкы университеттердин өкүлдөрү менен жолугуша алышат.
Форумдун ачылышы: 29-октябрь, саат 9:30
Кыргыз-Россия Славян университети (Киев көчөсү, 44)
Пресс-конференция: саат 10:30, КРСУнун фойесинде
ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо боюнча байланыштар:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы: Кийизбаева Нурия Кудайбергеновна, +996 700 321 100
Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы: Сагайдак Дмитрий Александрович +996 779 706186
Форумдун программасы менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот: uchebarf.kg/school-forum