Көрүлдү: 936
Бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов райондук\шаардык билим берүү башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү.
Жыйында министрдин орун басары 12 жылдык билим берүү саясатын ишке ашырууда жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле жарандык иденттүүлүктү өркүндөтүү боюнча ишти күчөтүүнү, башка агымдардын билим берүү процессине аралашуусуна жол бербөөнү, ар кандай жолдор менен мыйзамсыз акча каражаттарын чогултпоо тапшырмасын берди.