Көрүлдү: 795
Бүгүн, 24-октябрда, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган “Улуттук университет-улуттун тиреги” аттуу эл аралык форум өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана ардактуу коноктор катышты.
Маарекелик иш-чаралар 23-октябрда башталып, үч күнгө созулат. Университеттин ректору Догдурбек Чонтоевдин айтымында, мааракеге карата “100 жылдыкка — 100 кабинет, 100 китеп, 100 иш-чара” долбоорлору ишке ашырылууда.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева университет жамаатын куттуктап, мындай деди:
“Сиздердин окуу жайдын тарыхы — бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана интеллектуалдык элитанын калыптанышынын барагы. 1925-жылы агартуу институту катары негизделген бул окуу жай педагогикалык кадрларды даярдоодон тартып, улуттук статусу бар, өлкөнүн алдыңкы илимий-билим берүү борборуна айланганга чейинки татыктуу жолду басып өттү. Бул жылдар аралыгында миңдеген адистерди тарбиялап, кыргыз коомунун, илиминин, маданиятынын жана мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошту”.

1925-жылы ачылган Кыргыз агартуу институту кыргыз элинин билим берүү тарыхындагы алгачкы жогорку окуу жайы болуп саналат. Ал мезгилде өлкө жаңыдан улуттук билим берүү системасын калыптандыруу жолуна түшүп, мугалимдерди даярдоо иши башталган. 1932-жылы ал Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, билим берүү тармагында жаңы доордун башталышына жол ачкан.
Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук университетинде 30 000ден ашуун студент билим алат. Университеттин курамында 14 факультет, 4 колледж, 14 институт, ошондой эле аспирантура жана докторантура программалары бар.