Көрүлдү: 843
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9–11-класстарынын окуучулары үчүн ачык сабактар өттү.
Тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуудагы уюмдун ролуна арналган ачык сабактар бүгүн, 24-октябрда, 2-сабак катары өткөрүлдү.
Бишкек шаарындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде өткөн ачык сабакка Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа жана Кыргызстандагы БУУ өкүлчүлүгүнүн билим берүү жана жаштар менен иштөө программалары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Лейла Хасанова катышты.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун сексен жылдык ишмердүүлүгү эл аралык биримдиктин жана тилектештиктин жаркын үлгүсү экенин белгиледи.
Ал Кыргызстан БУУ жана анын агенттиктери менен кызматташтыкты жогору баалай турганын, алардын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, балдардын укуктарын коргоого, тынчтыкты бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнүн принциптерин илгерилетүүгө кошкон салымы чоң экенин айтты. Министрдин айтымында, мындай сабактар жаш муунга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана адамзат алдындагы жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктардын маанисин түшүнүүгө жардам берет.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа БУУ дүйнөдөгү өлкөлөрдү тынчтык, прогресс жана баарына жаркын келечек тартуулоо максатында бириктирерин белгиледи.
Ал ЮНИСЕФ БУУнун үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары 190 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда ар бир бала ден соолукта өсүп, сапаттуу билим алып жана өзүн коопсуз сезүүсү үчүн иш алып барарын баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан калкынын 40 пайызын балдар түзөт жана алардын катышуусуз Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү мүмкүн эмес.
Жыл сайын 24-октябрь Бириккен Улуттар Уюмунун күнү катары белгиленет. Быйыл Уюмдун түзүлгөнүнө 80 жыл толууда.