Көрүлдү: 710
2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу №100 кесиптик лицейинин 85 жылдык мааракеси белгиленип, анын алкагында жашыл энергетика окуу борбору жана "Кыргыз–Түрк" маданий борбору ачылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Евразия экономикалык биримдигинин энергетика жана транспорт боюнча министри Арзыбек Кожошев, ошондой эле лицейдин мугалимдери жана студенттери катышты.
Жаңы ачылган жашыл энергетика борбору заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жаш адистерди күн, шамал жана альтернативалуу энергия булактарын пайдалануу боюнча даярдоого багытталган. Ошондой эле «Кыргыз–Түрк маданий борбору» эки элдин достугун чыңдоого жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло тургандыгы айтылды.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө студенттерге кайрылып, буларга токтолду:
- Силер Кыргызстандын бардык аймактарынан келип, бул жерде келечегиңер үчүн билим алып жатасыңар. Эмгегиңер ар кайсы тармакта өтө зарыл болот. Мамлекет кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл буруп, окуу, жатакана жана тамак-аш үчүн шарттарды бекер камсыздап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, келечекте заманбап технологияларды өздөштүргөн мыкты адис болосуңар деп ишенем. ТИКА уюмуна жана Түркия Республикасынын элчилигине ыраазычылык билдирем. Ар бир кесиптик окуу жайда ушундай жашыл көндүмдөр борборлору ачылышы керек. Балдарыбыздын коопсуз жана ийгиликтүү келечеги үчүн баарыбыз биргеликте иш алып барууга тийишпиз.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем Агартуу министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен, №100 кесиптик лицейдин математика мугалими жана китепкана башчысы Алмакул Калмамбетова Ардак грамота менен жана ТИКА уюмунун Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур ыраазычылык кат менен сыйланды.
№100 кесиптик лицейи — энергетика жана тейлөө тармагындагы жумушчу кадрларды даярдаган өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Учурда лицейде 700дөн ашуун студент билим алууда. Алардын 100дөн ашууну тоголок жетимдер болсо, дагы 100гө жакыны социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.