Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ФРАНЦИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ

Көрүлдү: 586

2025-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы Франциянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

post.title

Франциянын элчиси Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Агартуу министри өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептер бар экенин белгилеп, мындай билим берүү уюмдарында француз тилин тандоо сабагы катары киргизүүгө болот деп билдирди. Ошол эле учурда, министр француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплексти алдын ала иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Агартуу министрлиги тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды. Айрыкча, кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын үйрөтүү жана гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселесин талкуулоого макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар