АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШИ КАЙРА КАРАЛДЫ
Көрүлдү: 610
Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү.
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилигинде өткөн отурумда аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар чечимдер кабыл алынды.
Тагыраагы,
- Казакстан Республикасынын “Борбор Азиядагы билим берүүнү аккредитациялоо ассоциациясынын” аккредитациялык агенттик катары таануу арызы четке кагылды;
- “Эл баасы” аккредитациялык агенттигинин иши кайра каралып, кемчиликтерди жоюу сунушу менен 6 айга токтотулду;
- “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттигине байланыштуу чечим айрым маселелерди тактоо үчүн бир айга жылдырылды.
Мындан тышкары, төмөнкү үч агенттик өз арыздарынын негизинде таанылган агенттиктердин реестринен чыгарылды:
- “Рейтингди жана сапатты аккредитациялоо агенттиги” мекемеси;
- “Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча көз карандысыз агенттик (IQAA)” мамлекеттик эмес мекемеси;
- “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги.
Бөлүшүңүз