Көрүлдү: 480
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугу алынган.
Учурда окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, редакциялоо жана “Учкун” ААК тарабынан басып чыгаруу иштери жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө:
• “Математика”, 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;
• “Мен жана дүйнө”, 1-класс – 295 880 нускада басылып, таратылууда;
• “Математика”, 2-класс – 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге таратыла баштады;
• “Табигый илимдер”, 2-класс – басууга даярдалууда.
Бул окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдалып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.