Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
МИНИСТР “ТҮНДҮК” ААКнын “САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ” ДЕПАРТАМЕНТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СЫЙЛАДЫ

Көрүлдү: 710

Бүгүн, 20-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Түндүк” ачык акционердик коомунун “Санариптик билим берүү” департаментинин кызматкерлерине министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

post.title

“Сиздер менен биргеликте билим берүү тармагын санариптештирүүдө таасирдүү иштерди аткардык. Бул аракеттер мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деди министр.

Ардак грамоталар мугалимдер күнүнө карата билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн тапшырылды.

Сыйлангандар:

  • Бектурган Бабаев – директор;
  • Таалайбек Курманалиев – бизнес-аналитик;
  • Самат Эркимбаев – бизнес-аналитик;
  • Жыргалбек Алмазбек уулу – программист;
  • Кабыл-Улан Абдыкалык уулу – программист;
  • Акдил Кубанычбеков – программист;
  • Максат Токталиев – программист;
  • Улук Урматбеков – программист;
  • Ибрагим Орозобаев – программист.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар