Көрүлдү: 661
2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы №11 В. В. Терешкова атындагы жатак-мектебинде өткөн иш-чарага катышты. Иш-чара 5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнү жана 19-октябрь — Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана кесиптик бирликтер күнүнө карата уюштурулду.
Министр Д. Кендирбаева катышуучуларды майрам менен куттуктап, өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан мугалимдер менен тармак кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Мугалимдердин көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Сыйлыкка төмөнкүлөр татыктуу болду:
- Ош шаарындагы №52 “Кыргыз–Түрк достугу” жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстардын мугалими, табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Айтолкун Аттокурова;
- Ош шаарындагы №52 “Кыргыз–Түрк достугу” жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстардын мугалими Перизат Ибраимова;
- Ош шаарындагы №5 Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Айдана Кадырова;
- Ош шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Бакытбек Боркошов.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош шаардык комитети Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага ыраазычылык кат тапшырды.