Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АРДАК ГРАМОТАЛАР ЖАНА ТӨШ БЕЛГИЛЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 684

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин жана “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

post.title

Тагыраагы, министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеиновага КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы төш белгиси берилсе, мектептеги билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жанара Дооталиева жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Жазгүл Азимовага “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси тапшырылды.

Ошондой эле “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жана "Учкун" ААКнын төмөндөгү кызматкерлери министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

  • Нуржамал Женалиева – "Учкун" ААКнын басмага даярдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Кубат Бейшеев - "Учкун" ААКнын өндүрүштүк директору.

“Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинен:

  • Данияр Ашымов – башкы редактор;
  • Гүлнара Жамангулова – редактор;
  • Бегимбүбү Турдалиева – редактор;
  • Үпөл Керимканова – жумушчу топтун жетекчиси;
  • Нияз Сооронов – верстальщик;

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар