Көрүлдү: 706
Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жаңыланган ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр институтта окуудан өтүп жаткан мугалимдер менен маектешип, алардын сабактарына катышты.
“Өзгөрүлмө климат шартында бизди куткара турган жалгыз күч — бул илим. Ошондуктан жаңыланган билим берүү стандартында STEM багытындагы предметтерге өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, санарип доорунда билим алууну жеткиликтүү жана натыйжалуу кылган санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү абдан маанилүү,” — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Жолугушуунун алкагында министр институттун кызматкерлери тарабынан 12 жылдык билим берүү системасына ийгиликтүү өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берип, айрым кызматкерлерди «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлады.
Сыйланган кызматкерлер:
- Жаркын Укеева — институттун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары;
- Матлюба Азимова — социалдык-гуманитардык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу;
- Айгүл Камалова — эрте өнүктүрүү жана башталгыч билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу;
- Рахат Ибраимова — инновациялык технологиялар жана өнүктүрүү борборунун методисти.
Ошондой эле Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметовго Агартуу министрлигинин атынан планшет тапшырылды.