КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Көрүлдү: 669
Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана орун басары Надира Джусупбекова мугалимдер күнүнө карата Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлерине министрликтин сыйлыктарын тапшырышты.
Министр академиянын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарды иштеп чыгуу боюнча көрсөткөн эмгегин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Министрликтин Ардак грамотасы төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылды:
- Мелис Музулманов – академиянын вице-президенти;
- Айгүл Батыркулова – филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы;
- Бурул Козубаева – социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери;
- Наргиза Талантбекова – аспирантура бөлүмүнүн улук лаборанты;
- Назира Дербишова – басма иштери жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси;
- Нурзат Камчыбекова – каржы-экономикалык иштер бөлүмүнүн башкы бухгалтери.
“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандар:
- Дамирбек Акматов – технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын ага илимий кызматкери;
- Талантбек Базаркулов – табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын илимий кызматкери;
- Виктория Булатова жана Дамира Шаршембиева – көп тилдүү жана инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адистери;
- Альбина Талантбек кызы – аспирантура бөлүмүнүн башчысы;
- Айдай Бекбоева – мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери Сулайман Рысбаев “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.
Мындан тышкары Кыргыз билим берүү академиясынын Президенти Назира Дюшеевага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовдун ыраазычылык каты, ошондой эле Агартуу министрлигинин атынан планшет тапшырылды.
Бөлүшүңүз