Көрүлдү: 554
15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекованын катышуусунда жеке менчик онлайн мектептерге коюлуучу лицензиялык талаптарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Жумушчу топтун курамына Агартуу министрлигинин кызматкерлери менен катар мектептик билим берүү тармагында ишкердик менен алектенген жарандар жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрү киргизилген.
Жолугушуунун жыйынтыгында онлайн мектептердин ишин жөнгө салуучу талаптарды иштеп чыгуунун алдында дүйнөлүк тажрыйбаны жана билим тармагындагы өлкөбүздүн ченемдик документтерин анализдөө чечими кабыл алынды.