Көрүлдү: 354
Бүгүн, 15-октябрда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылында 50 орундуу жаңы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жаңы бала бакча балдарга кызмат кылган мыкты уя болсун деген каалоосун билдирди.
“Ар бир бала башка балдар менен ойноп, коомдошуп, толук кандуу өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек. Анткени бир да бала өнүгүүдөн артта калбашы зарыл”, – деди министр.
Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын май айында башталган. Учурда ал толугу менен бүткөрүлүп, сметалык баасы 27 миллион 800 миң сомду түздү.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, Ош билим берүү институтунун директору Советбек Аматов жана башка расмий өкүлдөр катышты.